Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Израил Газадагы бир нече аймакка абадан сокку урду


Газада жер которгон тургундар, 29-июнь 2025-жыл.
Газада жер которгон тургундар, 29-июнь 2025-жыл.

Соңку бир сутка ичинде Израил Газа тилкесинин бир катар аймактарына абадан сокку урду. Мындан улам жүздөгөн палестин тургундары жер которууга аргасыз болгонун Би-Би-Си күбөлөргө шилтеме кылып жазды.

Газа шаарынын калк жыш жашаган Шужая, Туффах жана Зайтун конуштары да катуу чабуулга туш болгонун жергиликтүү тургундар билдирип жатышат. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон түтүн жана жалын коштогон жарылууларды көрүүгө болот.

Ачык булактардагы маалыматтар Израилдин соңку бомбалоолорунан Газа бир нече адамдын өмүрү кыйылганын ишарат кылып жатат. Маселен Газа шаарынын батышындагы “Аль-Шати” лагеринин аймагындагы чабуулдан беш киши өлгөнү кабарланууда. Азырынча каза тапкандар тууралуу так маалымат жарыялана элек.

Соңку чабуулдардын алдында Израилдин армиясы Газанын түндүгүндөгү тургундарга коопсуз аймактарга жер которуу тууралуу эскертүү берген. Бул март айында Газада согуш кайра тутангандан берки эң кеңири аймакты камтыган эскертүү деп сыпатталууда. ЦАХАЛ тилкенин түндүгүндөгү тургундарды түштүк тарапка чыгып кетүүгө чакырган. Бирок, күбөлөрдүн айтымында, акыркы суткада жер которгон газалыктардын басымдуу бөлүгү тилкенин батыш тарабына багыт алышкан.

Расмий Тель-Авивдин Газадагы чабуулдары АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.

Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.

Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпай келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG