Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:18

БУУнун комитети Кыргызстанда Кыйноолорго каршы борбордун жоюлушуна тынчсыздануусун билдирди


Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.
Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин, жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча комитетинин делегациясы менен жолугушту.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыйноолордун алдын алуу боюнча механизмдер жана бул боюнча БУУнун милдеттенмелеринин аткарылышы, Жогорку Кеңеште жакында кабыл алынган Акыйкатчы жөнүндө мыйзам талкууланды.

Акыйкатчы Бишкекке иш сапары менен келген БУУнун жогоруда аталган комитетинин төрагасынын орун басары Элина Штейнертени жана Кыргызстандагы баяндамачысы Ник Кварацхелияны кабыл алды.

Акыйкатчы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Акыйкатчы институту менен биригишинен кийин бул багыттагы иштер жигердүү улантыларын белгиледи. Ал мекеме эми кеңейтилген ыйгарым укугунун чегинде эл аралык принциптерге таянып иштей турганын билдирди.

БУУнун комиссиясынын төрагасынын орун басары Элина Штейнертени “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү кирип, Кыйноолорго каршы борбордун жоюлушуна тынчсыздануусун билдирди.

“Мыйзам долбоордо Кыйноолорду алдын алуу борборунун милдеттери Акыйкатчы институтуна өтөт деп жазылган, бирок анын жол-жобосу так белгиленген эмес. Акыйкатчынын Жогорку Кеңешке көз карандылыгы дагы бизди тынчсыздандырууда. Эгер депутаттар сиздин жылдык баяндамаңызды жактырбаса, кызматтан кетесиз. Бул болсо алдын алуу механизминин жетекчилигинин да алмашуусуна алып келет дегенди билдирет. Андай болбошу керек. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору көз карандысыз орган катары сакталышы шарт. Акыйкатчы институтунун ишмердиги адам укуктарынын кеңири, бардык тармагын камтыйт. Ал эми Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор бир эле багытта иш жүргүзөт”, - деди Штейнертени.

Аг Кыйноолорго каршы борбор Акыйккатчыга кошулганы менен ал ошол багытты сактап калышы керектигин белгиледи.

Жамиля Жаманбаева мыйзамга президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду институтка кошуу боюнча план жана программа иштелип чыгарын тактады.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алган.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG