Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Бакуда Орусия каржылаган “Спутник” агенттигинде тинтүү жүрүүдө


"Спутниктин" Москвадагы кеңсеси, 2018-жыл.
"Спутниктин" Москвадагы кеңсеси, 2018-жыл.

Азербайжандын ички иштер органдары Орусия каржылаган “Спутник” жаңылыктар агенттигинин Бакудагы кеңсесинде тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү APA жана Report басылмалары жазышты.

Быйыл февраль айында Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айхан Гажизаде “Спутник-Азербайжан” басылмасы жоюлганын, бул медиага бир гана кабарчысына аккредитация алууга уруксат берилгенин билдирген.

Бул чечим Бакуда иштеген “чет элдик журналисттерге” жана Азербайжандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын чет жактагы кабарчыларына түзүлгөн “шарттардын тең салмактуулугун калыбына келтирүү” үчүн кабыл алынганы кабарланган.

Report сайтты жазгандай, Азербайжан бийлигинин мындай чечимине карабастан “агенттик ишин улантып, кызматкерлери жумушка келе берген.

Кремль каржылаган медианын Бакудагы кеңсесинде жүргүзүлүп жаткан рейд Азербайжан менен Орусиянын мамилеси солгундай түшкөн учурда болуп жатат. Буга 27-июнда Екатеринбургда орус күч түзүмдөрү теги азери 50дөй адамды кармаганы, андан кеминде эки киши каза тапканы себеп болду.

Азербайжандын бийлиги Орусияга нааразылыгын билдирип, Москвадан Екатеринбургдагы окуяга тиешеси бар адамдарды жоопко тартууну талап кылган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова кармалгандар орус жарандары экенин айткан.

Бул окуядан кийин Азербайжандын парламенттик делегациясы Орусиянын депутаттары менен биргелешкен жыйынга катышуудан баш тартты. Азербайжандын Маданият министрлиги орус тарап менен пландалган биргелешкен маданий иш-чараларды токтотуп койду.

Шерине

XS
SM
MD
LG