Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:53

Трамп Орусияга санкцияларды катаалдаштырууну колдогону белгилүү болду


Линдски Грэм.
Линдски Грэм.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкция салуу үчүн жаңы мыйзам долбоорун колдоду.

Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору, республикачы сенатор Линдси Грэм ABC телеканалына курган маегинде билдирди.

“Кечээ президент менен гольф ойноп жатканыбызда, ал биринчи жолу бул мыйзамды жылдырууга убакыт келгенин айтты”, - деди Грэм. Анын айтымында, сенаторлор Трампка Орусиянын президенти Владимир Путинди Украина менен сүйлөшүүгө аргасыз кылган “курал” берип жатышат.

Грэм ошондой эле мыйзам долбоорунда каралган механизмдерди түшүндүрүп берди. Эгер кайсы бир өлкө Орусиядан товар сатып алууну улантып, Украинага жардам көрсөтпөй жаткан болсо, анын АКШга экспорту үчүн бажы төлөмү 500% өсөт. Буга мисал катары сенатор Индия менен Кытайды келтирип, алар Орусиядан энергетикалык ресурстарды сатып алуу менен ал өлкөнүн коргонуу тармагын колдоп жатканын айтты.

Грэмдин айтымында, демилгени 100 сенатордун 84ү колдоду. Документ июлдагы тыныгуудан – 7-июлдан соң каралмакчы. Буга чейин Трамп санкцияларга байланыштуу карама-каршы пикирлерин билдирген. Айрым учурда чектөө киргизүүгө даяр экенин, кээде Москва менен Киевдин сүйлөшүүсүнө тоскоол болбоо үчүн мындай кадамдан карманарын айткан.

The Wall Street Journal басылмасы булагына таянып жазгандай, Ак үй Грэмди Орусияга санкция салуу боюнча долбоорун “жумшартууну” талап кылган.

Сенаторго Трамп кимге же эмнеге санкция салуу керек экенин өзү чечүүгө мүмкүндүк берген шарттарды киргизүү сунушталды. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун текстиндеги “милдеттүү” деген маанидеги сөздү “болушу мүмкүн” деп алмаштыруу сунушталып, милдеттүү талаптарды жоюу каралган.



Шерине

XS
SM
MD
LG