Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.
Ал Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тар чөйрөдө жолугушту.
Орусиянын тышкы саясат мекемеси сайтына Сергей Лавровдун жеке жолугушуудагы сөзүн жарыялады. Анда министр эки өлкө тыгыз кызматташып турган чакта тышкы саясат мекемелеринин кызматташтыгы да жакшы жолго коюлганын айткан. Лавров Кыргызстандын Жеңиштин 80 жылдыгына карата Москвада өткөн аскер парадына катышуусуна жогорку баа берилгенин белгилеген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сергей Лавров иш-сапарынын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат мекеме башчылары жолугуп, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын актуалдуу маселелери, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланарын кабарлаган.(ZKo)
Шерине