Орусиядагы "Яндекс" кызматында Кыргызстандын 44 миң жараны иштейт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Яндекс" компаниясында иштеген кыргызстандыктарга жолугушкан учурда маалым болду.
Жолугушууда министрдин орун басары "Яндекс" компаниясында иштеген кыргызстандык жарандардын укугу жана башка көйгөйлүү маселелерин, аталган компания менен мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулады.
Алмаз Имангазиев Москвада кыргызстандык жарандарга консулдук кызмат көрсөтүүгө көмөктөшкөн "ВиЭф сервис" компаниясынын өкүлдөрүнө жолугушту. Анда компаниянын сервистик филиалдары аркылуу Орусиянын Москва, Самара, Краснодар жана Калининград шаарларында Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү боюнча учурда биргелешип иштеп жаткан пилоттук долбоордун жүрүшү талкууланды.
Жолугушууда "ВиЭф сервис" компаниясынын көмөгү менен Орусиянын аталган аймактарында жүргөн кыргызстандыктардын убактысы жана акчасы үнөмдөлүп жатканы белгиленди. Мындан ары элчиликке же консулдуктарга барбай туруп, консулдук кызмат алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кыргыз жарандарына маалымат жеткирүүнү күчөтүүнү макулдашты.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "ВиЭф сервис" компаниясынын тейлөө борборлоруна төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылууга болорун билдирди: +7 (921) 329 00 68 (иш күндөрү Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин), +7 (499) 648 91 53.
ТИМдин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 088 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 907 жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган.(ZKo)
Шерине