Ала-Бука жана Аксы районунда бүтүрүү кечесини уюштуруп жаткан классташтар өз айылдарына көпүрө жана эстелик куруп берип жатышат. Мындай демилгелер аймактарда акыркы жылдары мектептин 10, 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрүнүн арасында салт катары калыптанып жатат.