"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алды. Муну парламент адам укугун коргоо жатындагы ишти жакшыртып, оптимизация аракети менен түшүндүрүүдө.
Түркияга мектеп окуучуларын олимпиадага алып барып, Стамбул аэропортунда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулунун соттук иши сентябрда карала баштайт. Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалган мугалим үй камагына чыгарылып, учурда Стамбулда жашап жатат.
Израил менен Иран ок атышууну токтоткону менен, маалымат согушу токтой элек. Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Такыр-төр көлү ташып, 180ден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылды. Бишкектин негизги аянттарында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты.
Соңку күндөрү Газа тилкесиндеги чабуулдар ондогон адамдын өмүрүн алды. Камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соту кайрадан жылды. Апрелде Стамбул аэропортунда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу кыргыз бийлигинен көмөк сурады.
Орус армиясынын Днепр шаарына соккусунан 18 киши каза таап, 300 киши жараат алды. Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда.
АКШ президенти Иран менен Израил тынчтык келишимине жетишкенин жарыялады. Нарын облусу көңүл сыртында калды деген нааразы пикирлер социалдык тармактарда күч алды. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саиданы өз администрациясына жетекчи кылып дайындады.
АКШнын Ирандагы өзөктүк жайларга соккусу Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды күчөттү. Ал Борбор Азиянын экономикасына кандай таасири этет? Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөөдө.
Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү. Президент Жапаров кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө бир мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Жапаров кол койду.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген блогер Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Буга чейин коомчулук, активисттер анын мыйзам алдында жоопко тартылуусун талап кылышкан.
Мигранттардын балдары оруси тилин билбесе, мектепке кире албайт. Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Эми 12 өлкөнүн жарандары Америкага кире албайт.
Канышай Мамыркулованын иши боюнча эксперт-лингвист суралды. Эксперттин журналисттин соцтармактагы посттору боюнча чыгарган корутундусу бир топ суроону жаратып, айрым жагдайлар талашка түштү. Журналист өзүнө козголгон кылмыш ишинин маңызы жок экенин белгилеп, айыптарды четке какты.
Айзиректин өлүмүнө шектелип жаткан күйөөсү мылтыкты кайдан алган? Эркин журналист Канышай Мамыркулова айыпты четке кагууда. Президент Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мунапыс береби? Ал Атамбаевге чыккан сот өкүмү жана Бакиев жөнүндө үн катты. Украина Крым көпүрөсүнө чабуул койду.
Оштун мурдагы казысы эмнеге кайра камалды? Ал буга чейин кармалып, бир күндөн кийин эле үй камагына чыккан эле.
Украинанын дрондору Орусияда аскердик аэродромдорго чабуул койду. Орусия муну теракт деп жарыялады. Эксперттер ондогон учактын жок кылынышын - орус авиациясынын башына түшкөн каран түн катары сыпаттап жатышат.
Бишкекте курулуштагы коопсуздук талаптары сакталган эмес деген жүйө менен он чакты компанияга эскертүү берилип, айрымдарынын иши убактылуу токтотулганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аялдар кабылган зомбулук темасын кайра козгоду. 38 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү камалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эркектерге кайрылып, аялдарды коргоого үндөдү.
26-майда Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү кыргыз коомундагы аялдарга карата зомбулук темасын кайра козгоду. Күйөөсү жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирүү таратты.
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы "кызыл чектен" ашып кеткен делген үйлөрдүн дубалдарын сүрдүрүү тирешке айланып, жергиликтүү тургундар мэрияны сотко берүүгө ниеттенүүдө. Мэр Айбек Жунушалиев бардык иштер мыйзамга жана шаардын башкы планына ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө "кызыл чектен" чыгып кеткен делген үй ээлери сотко даттанышат. Алар мэриянын 26-майдагы чечимин "мыйзамсыз" деп эсептеп, "Жер кодексине" каршы келерин айтышат. Мэр Айбек Жунушалиев бардык иш мыйзамга жана шаардын башкы планына ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Дагы жүктөңүз