"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Демократ Жо Байден 20-январда Кошмо Штаттардын 46-президенти катары ант бермекчи. Конгресстин кош палатасы 7-январга караган түнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Отурум президент Доналд Трамптын жаалданган тарапташтары Капитолийге кирип барганда убактылуу үзгүлтүккө учураган.
Британ соту «ВикиЛикс» («Wikileaks») сайтынын негиздөөчүсү, тыңчылыкка айыпталган Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоодон баш тартты. 2010-жылы бул чуулгандуу сайтта Бишкектеги «Манас» аскердик базасы жана мурунку президент Бакиевдин үй-бүлөсүндөгү чыр тууралуу да маалымат жарыяланган.
Евробиримдик коронавируска каршы эмдөөнү жекшембиде расмий баштады. Эксперттердин белгилешинче, калктын 70% эмделгенден кийин жамааттык иммунитет пайда болот. БУУ жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоо маселесин көтөрдү.
Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү, юрист Айзада Марат кызы "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью курду.
“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан "Азаттык" менен болгон маегинде АКШнын Каржы министрлигинин кыргызстандык Райымбек Матраимовго салган санкциясынын таасири тууралуу ж.б. жагдайларга токтолду.
Минскиде Александр Лукашенко Беларустун президентинин кызматына 6-ирет киришти. Оппозиция лидери Светлана Тихановская Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты.
Киевдеги Стратегиялык иликтөөлөр борборунун аналитиги Павел Жовниренко соңку кезде саясий айдыңда пайда болгон олигархиялык партиялардын табиятын жана мындай саясий топтордун максат-мүдөөсү тууралуу иликтеп жүрөт.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган миссиясы өз ишин баштады.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенден бери 2-жолу элине кайрылды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методологиясы боюнча Кыргызстанда соңку 14 күндө коронавируска чалдыккандардын өсүү ыргагы 40% чейин төмөндөдү. Бирок өкмөт башчы Кубатбек Боронов «илдеттин жайылуу коркунучу жогору, абал жалпысынан оор бойдон» деп баа берди.
БУУнун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы Мэри Лолор түрмөдө көз жумган Азимжан Аскаровдун иши тууралуу "Азаттыкка" маек берди.
Кыргызстан - дүйнөдө сейрек кездешкен илбирстин мекени. Кызыл китепке кирген жаныбар өзгөчө коргоого алынган. Карантин убагында жапайы жаныбарлар ээн-эркин басып, айрымдары эл баскан аймактарга жакындады.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маркум Мукар Чолпонбаевдин саясаттагы ролу тууралуу айтып берди.
Cоңку маалда Бишкектин тургундары социалдык сайттарда шаарда жылан пайда болду деп, ар кай жерден тартылган сүрөттөрдү жарыялашты. Баш калаанын мэриясы эгерде сойлоп жүрүүчүлөрдү көрсөңөр 161 номерине чалгыла деп кеңеш берет.
Ирландиялык коомдук ишмер Мэри Лолор 1-майдан тартып Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысынын кызматына киришти. Эл аралык уюмдун өкүлү биринчи расмий билдирүүсүндө укук коргоочу, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишине кайрылды.
Казакстанда Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаеванын мандаты токтотулса, 4-майда ал кызматты Маулен Ашимбаев ээледи. Коңшу өлкөдө Сенаттын төрагасы мамлекеттеги президенттен кийинки эле жогорку кызмат катары саналат.
Кит Мортман – АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин дем алуу органдарынын хирургиясы бөлүмүнүн башчысы. Ал бул күндөрү коронавируска чалдыккандарды дарылап, жугуштуу илдетке каршы күрөшүп жатат.
Дагы жүктөңүз