Дүйнөнүн 26-аптасы: күлгө айланган шаарлар

21
Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматкери Забайкалье крайындагы токойдо тутанган өрттү өчүрүүгө аракет кылууда.

22
Украинанын оккупацияланган Марьинка шаарынын жанындагы автоунаа жолун минадан тазалап жаткан орусиялык сапёрлор.

23
Мажар өкмөтү тыюу салганына карабай 28-июнда өткөн Budapest Pride парадына катышкан адамдар. Будапешт, Венгрия.

24
Санкт-Петербургда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн урматына өткөрүлгөн майрам. Жээктеги адамдар Нева дарыясында сүзүп бараткан кемени карап турушкан кези.

25
Сербиянын укук коргоо кызматкерлери Белград шаарында өкмөткө каршы митингге чыккан айрым адамдарды кармашууда.